Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Маликов: өмүрүмө кол салуу болду


Дин таануучу Кадыр Маликовдун сабалышы боюнча анын бир туугандары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда бир тууган эжеси Бермет Маликова милиция бул окуя боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын белгиледи. Анда Маликовдун үнү да угузулду. "Өмүрүнө кол салуу болду, “Ислам мамлекети” террордук уюмуна байланыштуу пикирлерим жана жалпы эле ишмердигиме байланыштуу радикалдуу топтор кол салды", - деди Маликов.

Жабырлануучу аны машинанын ичинен сабашканын, буга чейин дагы үйүнүн жанында, мечитке барганда бир нече жолу кол салуу аракети болгонун айтты. Ошондой эле ал милиция бул ишти адам өмүрүнө кол салуу катары иликтеши керек экенин белгиледи.

Маликовдун жакындары буга чейинки кол салуу аракеттеринен кийин ал газ тапанча алып жүргөнүн, бирок аны колдонгон эместигин айтып жатышат.

Айрым маалымат каражаттары Кадыр Маликов чыр чыкканда тапанчаны биринчи алып чыкканын, “Аллоху Акбар” деп кыйкырганын жазышкан. Маликовдун бир тууганы Тимур Маликов кол салгандар арабча сүйлөгөндөн кийин иниси да ушинтип кыйкырганын билдирди.

26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын жаагына бычак сайышкан. Ал №4 ооруканага жеткирилип, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Маликов “Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси жана мусулман диниятчысы. Ал такфиристтерге, диний экстремизмге каршы чыккан аалымдардан. Милиция бул кол салуу анын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG