Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Сариев: Акча алмаштыруучу жайлар жабылбайт


Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев валюта рыногундагы соңку кырдаалга байланыштуу өткөн өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча миңден ашуун акча алмаштыруучу жайлар бар. Алардын 300дөн ашуунунун гана лицензиясы бар.

-Акча алмаштыруучу жайларды жаппайбыз. Бирок лицензия берүү жолдорун катаалдатабыз.

Акча алмаштыруучу жайларды жабуу демилгесин Улуттук банк көтөрүп келет. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайлардын ишмердигине толугу менен тыюу салынат. Улуттук банк көптөн бери акча алмаштыруучу жайлар валюталардын курсун каалагандай өзгөртүп, кызыл кулактык кылып жатат деп айыптап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG