Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Кыргызстанда 526 мечит мыйзамсыз иш жүргүзөт


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Бактыбек Осмоновдун “Азаттыкка” билдиришинче, өлкө боюнча 526 мечит расмий каттоого турган эмес. Алардын көбү архитектуралык эрежелерге баш ийбей, өзүмбилемдик менен курулган. Осмоновдун айтымында, учурда муфтият каттоосу жок мечиттерди мыйзамдаштыруу аракетин көрүүдө.

Кыргызстанда каттоодон өткөн мечиттер саны 2239га жетти. Медреселер саны 89 болгону менен 26сынын ишмердиги текшерүүгө муктаж. Айрым эксперттер расмий катталбаган мечит-медреселер диний радикализмдин жайылышына шыкакчы болуп жатканын эскертип келишет. (UEz)

XS
SM
MD
LG