Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Маркум журналист - Алымбек Азимканов маданияттын мыктысы болду


Алымбек Азимканов
Алымбек Азимканов

Жалал-Абаддык маркум журналист Алымбек Азимкановго "Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Азимканов көзү өткөнчө эмгектенген Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын (ЖТР) төрагасы Куттумидин Базаркулов билдирди.

- Бул наам бизге (ЖТРге) руханий киреше, жакшы сөз алып келди, жаштарга үлгү болду. Алымбек Азимканов чындыгында эле жаш журналисттерге өтө мыкты устат эле. КТРдин отличниги Алымбек Азимкановдун элесине арналган иш-чаралар дагы да уланып турмакчы. Келерки жылы да маркум журналисттин урматына иш-чараларды өткөрөбүз деп ниеттенүүдөбүз, – деп белгиледи Базаркулов.

ЖТРде өткөн салтанаттуу аземде маркум Азимкановдун үй-бүлөсү, кесиптештери жана Жалал-Абад облустук бийлигинин өкүлдөрү катышып, аны эскеришти.

Журналист жана акын Алымбек Азимканов 30 жылдан ашуун республикалык жана облустук телерадиодо эмгектенген. Төрт ырлар жыйнагынын автору жана бир нече сыйлыктардын ээси.

Ал 1958-жылы Сузак районунун Кашка-Терек айылында төрөлүп, 2015-жылдын 30-июнунда Жалал-Абад шаарында 57 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG