Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Токтогулдук мугалимдер мектеп жанындагы түрмөнү көчүрүүнү суранышууда


Окуучулардын коопсуздугу коркунучта экенин айткан мугалимдер жамааты өкмөт башчыга абак жайын көчүрүү талабын айтып кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу мектеп директору Замира Турдумамбетова “Азаттыкка” билдирди.

- Эки кабаттуу колонияда кармалгандар кээ бир учурда биздин короодогу крандан таза суу ичип, ээн-эркин жүрүшөт. Ошол себептүү мектептин биринчи кабаттары толугу менен коопсуздук үчүн темир тосмолор менен тосулган деди,- Турдумамбетова.

Мындай абал наристелер тарбияланган бала бакчада да орун алып жатканын тарбиячылар билдиришет. Колонияда маңзат колдонгондор, ууру кылгандар жана биринчи жолу соттолгондор кармалат.

Токтогул районундагы №5 Дөөлөтбек Турдумамбетов атындагы орто мектебинин жана №4 "Күн нуру" бала бакчасынын имараттары Жаза аткаруу кызматынын жатак колониясы менен жанаша жайгашкан. Жаза аткаруу кызматынын жатак колониясы бул аймакта союз мезгилинен бери иштеп келет.(RsK)

XS
SM
MD
LG