Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Эгей деңизиндеги кеме кырсыгынан алты бала каза тапты


Грециянын жээгиндеги куткаруучу аймактар
Грециянын жээгиндеги куткаруучу аймактар

Түркиядан Эгей деңизи аркылуу Грецияга бет алган эки кайык аңтарылып кетип, алты бала ажал тапты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кайыктардын бири 50гө жакын Сирия жана Ооганстан качкындарын ташып баратып, Айважык аймагынан коңторулган. Ал эми 20га жакын качкынды ташып бараткан экинчи кайык Бодрумда аласалган.

Түркия Сирия жана Ирактагы согуштун айынан качкындардын транзиттик өлкөсүнө айланды. 2015-жылы эле бул өлкө аркылуу 900 миңге жакын эмгек мигранты жана качкындар Европага жер которгон.

XS
SM
MD
LG