Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

30-ноябрга аба ырайы


30 ноябрда түнкүсүн тоо кыркаларында жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаабайт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…2, күндүз 6…11,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,

Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 7…12,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2, күндүз 7…12,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8.

30-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1° сууктан …1° жылуулукка чейин, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG