Орус президенти Владимир Путин Диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, мындан кийин Юстиция министрлиги шек жараткан диний уюмдарды эскертүүсүз текшере баштайт.
Текшерүүгө жарандардын экстремизм боюнча арыз-даттануусу же кайрылуусу негиз боло алат. Мындан сырткары чет өлкөлөрдөн каржыланган диний бирикмелер жыл сайын Юстиция министрлигине отчет берип турууга милдеттендирилди.