Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

ИИМ: Маликовго кол салды деген шектүүлөр Түркияда кармалды


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салды деген шектүүлөр Түркиянын Газиантеп шаарында кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

- Шектүү жарандар Интерпол аркылуу Түркиянын Газиантеп шаарында кармалды. Алар кармалган аймак Сириядан 40 чакырым гана алыс экен. ИИМдин өкүлдөрү кылмышка шектүү жарандардын изин суутпай Түркияга учуп барган. Алар кармалган жарандарды алып келишет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги биргелешип жүргүзгөн иш-чаранын негизинде дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандар эл аралык "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун мүчөлөрү экендиги аныкталган. Шектүү катары Нарын шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Тилек уулу Алибек, 1986-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Ырыскул Бейшеналиев изделүүдө. УКМК тараткан маалыматта аты аталган жарандар окуя болгон күнү эле Казакстанга, андан кийин Түркияга учуп кетишкен. Аларга жардам берген эки шериги Кыргызстанда кармалган. Ошондой эле бул топтун милициянын өлүмүнө да тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылууда.

26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын жаагына бычак сайышкан. Маликов муну радикал топтордун өз өмүрүнө кол салуу аракети деп атаган.

Ал эми 19-ноябрь күнү кечки саат сегиздер чамасында белгисиз эки жаран 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда кол салып, атып кетишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG