Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Премьер-министр Кыргызстандын төрт миллионунчу жаранынан кабар алды


Премьер-министр Темир Сариев Ошко жасаган иш сапарында Кыргызстандын 4 миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова жана анын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Өкмөт башчы 1985-жылы туулган Каныкейге 50 миң сом материалдык жардам көрсөттү, анын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары 4 миллионунчу болуп төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине убада кылынган нерселер убагында берилбей, кийин көңүл сыртында калганын жазышкан. (КЕ/YI)

 

XS
SM
MD
LG