Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Сибирде жасалма ичимдик 11 адамдын өмүрүн алды


Орусиянын тергөө комитети Красноярск шаарында Jack Daniel's жасалма вискисин ичкен соң он бир адам ажал тапканын кабарлады. Комитет бул ичимдикти ичкенден кийин ооруканага түшкөн 18 жаштагы жигит 30-ноябрда өлүмгө кабылышы менен жасалма вискиден ажал тапкандардын саны 11 кишиге жеткени тууралуу саламаттыкты сактоо боюнча жергиликтүү башкармалыктын маалыматын ырастады.

Мындан башка дагы тогуз киши ооруканада жатат, алардын биринин абалы оор. Алардын баары аталган ичимдиктен метанолго уукканы аныкталган.

Соңку бир жумада Красноярск шаарында бул ичимдикти колдонгон 48 адам дарыгерлерге кайрылган. Иликтөө иштери башталып, жасалма ичимдик чыгарууга шектүү алты адам кармалды.

XS
SM
MD
LG