Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Путин: Түркия контрабандалык мунайды коргоо үчүн орус учагын атып түшүргөн


Мындай билдирүү менен орус президенти Владимир Путин 30-ноябрда климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу Париж конференциясынан кийин маалымат жыйынында билдирди:

-'Ислам мамлекети' жана башка террордук уюмдар көзөмөлдөп турган жерден мунай эбегейсиз масштабда, өнөр жай масштабында өндүрүлүп, ал Түркиянын жергесине келип түшөт. Биздин учакты атып түшүрүүнүн максаты түз деңиз портуна келип жаткан жолдордун коопсуздугун камсыздап калуу болгон.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган мындай сөздөрдү “ушак” деп атаган. Түркия Су-24 24-ноябрда он жолу берилген эскертүүгө карабай Түркиянын аба мейкиндигине өтүп кеткенден кийин Ф-16 тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирүүдө. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы орус учагынын Түркиянын аба мейкиндигин бузуусунун далили катары учактын түтүнү Түркияда калышын көрсөткөн. АКШнын НАТОдогу өкүлү Дуглас Лут АКШ, учак окуясы боюнча Түркия версиясын тастыктайт деди. Ал ошондой эле орус учактарынын түрк аба мейкиндигин бузуп кирүүсүн “өтө опурталдуу, керексиз жана жоопкерсиздик”, деп атады. (AiT)

XS
SM
MD
LG