Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Абдыкалыков Австралиядагы киноакaдемиянын мүчөсү болду


Кыргызстандык кинорежисер Мирлан Абдыкалыков Брисбен шаарындагы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын мүчөсү болду. Бул тууралуу “Айтыш фильмдин” басма сөз катчысы Чолпон Идирисова кабарлады. Мүчөлүк сертификат кинодолбоордун сценарийин сунуштоого, академиянын башка мүчөлөрүнүн макулдугу менен тасма жаратууга колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Кыргызстандык жаш режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан “Сүтак” тасмасы бир нече эл аралык кароо-сынактарда байгелүү орундарды багындырган. “Сүтак” тасмасында Кыргызстандын элет жериндеги көчмөн үй-бүлөнүн окуясы тартылган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG