Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

Айтматовдун кино жумалыгы өтөт


3-9 декабрда Бишкектеги “Кыргыз киносу” кинотеатрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалардын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынан билдиришти. Жумалыктын жүрүшүндө көрүүчүлөргө Болот Шамшиевдин “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, Сергей Урусевскийдин “Жоргонун жүрүшү”, Төлөмүш Океевдин “Кызыл алма”, Андрей Михалков-Кончаловскийдин “Биринчи мугалим”, Ирина Поплавскаянын “Жамила” тасмалары көрсөтүлөт.

Сеанстардын алдында тасмалардын жаратуучулары менен жолугушуу-маектер болот. Иш-чарага Аскар Айтматов, Болот Шамшиев, Манас Мусаев, Нуртай Борбиев, «Кыргызфильм» киностудиясынын директору Гүлмира Керимова жана режиссерлордун кийинки муун өкүлдөрү, жергиликтүү кино таануучулар катышат. (ZA)

XS
SM
MD
LG