Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Бишкекте “Хизб ут-Тахрир” уюмуна үндөгөн топ аныкталды

 “Хизб ут-Тахрир” уюмунун адабияттары.
“Хизб ут-Тахрир” уюмунун адабияттары.

УКМКнын бүгүн билдиргени боюнча, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашыруун иш алып барган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун тобу аныкталды. Маалыматка караганда, уюмдун мүчөлөрү радикализм идеологиясын жайылтып, жаштарды өздөрүнө тартуу, үндөө иштерин активдүү жүргүзүп келген. Тинтүү маалында экстремисттик мазмундагы 600дөн ашуун адабияттар, флешка, DVD жана СD-дисктер, планшет табылган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Кыргызстандын эки, Орусиянын бир жараны кармалды. Тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG