Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Түркия Орусияны аба мейкиндикти бузганын “жашырууга” аракеттенип жатканы үчүн айыптады


Ахмет Давутоглы.
Ахмет Давутоглы.

Орусияны Түркиянын аба мейкиндигин бузганын жашырууга аракеттенип жатканы үчүн премьер-министр Ахмет Давутоглы айыптап, Москванын Анкара Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунан мунай алып жатат деген айыптоосун “негисиз” деп атады.

Орус президенти Владимир Путин кечээ Түркия алардын учагын ИМ тобу менен мунай соодасынан тапкан кирешесин коргоо үчүн атып түшүрдү деп ырастаган болчу.

Түрк премьери Давутоглы бүгүн Орусияны аскерий жана дипломатиялык каналдар боюнча диалогду ачык кармоого кайрадан чакырып, Москванын туруму Сирия кризисин “Орусия менен Түркия” ортосундагы кризиске айлантканын белгиледи.

Түркия орус учагы 24-ноябрда өлкөнүнүн аба мейкиндигине кирип, он эскертүү алгандан кийин атылды деп ырастаса, Орусия Сириянын асманында атылган деп эсептөөдө.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн Париждеги саммит учурунда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан соң ал Түркиянын өзүн коргоо укугун колдогонун билдирди.

Обаманын айтымында, ал Эрдоган менен “Түркия жана Орусия чыңалган кырдаалды жөнгөрүп, маселени чечүүнүн дипломатиялык багытын табуу үстүндө кантип бирге иштеше аларын талкуулады”. (UE)

XS
SM
MD
LG