Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Порошенко украин аскерин бошотуу үчүн абактагы орус жаранына кечирим берди


Президент Петро Порошенко туткундан бошонгон аскер Андрей Гречанов менен.
Президент Петро Порошенко туткундан бошонгон аскер Андрей Гречанов менен.

Президент Петро Порошенко кечирим берген орус жараны орусиячыл жикчилердин камагындагы украин аскерине алмаштырылды.

Бул маалымат украин президентинин расмий сайтында жарыяланып, ал жерде украин президентинин туткундан бошонгон аскер Андрей Гречанов менен сүрөтү да койулган.

Порошенко кечирим берген орусиялык Владимир Старков былтыр июлда өлкөнүн чыгышынан кармалып, кийин 14 жылга түрмөгө кесилген.

Украинанын атайын кызматы Старков орусиялык офицер экенин айткан видеону жарыялаган болчу.

Орусиянын Украинанын чыгышындагы жикчилерге курал жана аскер күчүнөн жардам берип жатат деген ырастоолорду такай четке кагып келет.

Ал жакта былтыр апрелден берки кагылыштардан 7900дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Аймакта былтыр сентябрдан бери ок атышууну токтотуунун шарттары негизинен сакталууда. (UE)

XS
SM
MD
LG