Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:49

НАТО Ооганстандагы ролун талкуулайт


Кабулдагы америкалык аскерлер. 22-август, 2015-жыл.
Кабулдагы америкалык аскерлер. 22-август, 2015-жыл.

НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Түндүк альянстын Ооганстандагы ишинин болочогун бүгүн Брюсселдеги жыйында талкууламакчы.

Бул өлкөдөгү коопсуздук кырдаалдын начарлоосунан улам азыр Ооганстандагы чет элдик күчтөрдүн санын кыскартпоо чакырыктары айтылып жатат.

АКШ келерки жылы да Ооганстандагы аскерлеринин санын азайтпай турганын быйыл октябрда жарыялаган. АКШнын азыр Ооганстанда 9800 жоокери бар.

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенбергдин кечээ “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, альянска мүчө мамлекеттер келерки жылы да Ооганстанда 12 миң аскерин калтырчудай.

Коопсуздук үчүн жоопкерчилик быйыл январдан тарта толугу менен ооган күчтөрүнүн өзүнө өткөн.

НАТО миссиясынын башкы максаты – ооган күчтөрүн машыктырып жана алардын антитеррордук операцияларына колдоо көргөзүү. (UE)

XS
SM
MD
LG