Азербайжандын Ички иштер, Улуттук коопсуздук министрликтеринин жана Башкы прокуратурасынын бүгүнкү билдирүүсүндө операция “жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин” коргоо, “кылмышкерлерден” курал-жаракты жана жардыруучу заттарды конфискациялоо үчүн өткөрүлүп жатканы айтылат.
Күч түзүмдөрү өткөн аптада борбор Бакунун четиндеги Нардаран конушунда бийликтер “диний экстремисттер” деп атагандарга каршы рейд өткөргөн учурдагы атышуудан жети адам, анын ичинде полициянын эки офицери мерт болгон эле.
Бул атышуунун артынан полиция он төрт адамды, анын ичинде “Мусулман биримдиги” деп аталган топтун башчысы Тали Багризадени да кармаган.
Бийликтердин ырастоосунда, Нардарандагы диний экстремисттер Азербайжандагы “саясий туруктуулукту жана социалдык ынтымакты бузуу үчүн теракттарды жана массалык баш аламандыктарды уюштурууну” мерчемдеген.(UE)