Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Орусия “Сорос” фондун коопсуздукка коркунуч туудурат деп айыптады


Орусиянын Федералдык кеңешинин жыйыны, 7-август, 2015.
Орусиянын Федералдык кеңешинин жыйыны, 7-август, 2015.

Орусиянын Башкы прокуратурасы 30-ноябрда кайрымдуулук иштери менен алектенген америкалык миллиардер Жорж Соростун “Ачык коом” жана “Жардам” фонддорунун орус жергесиндеги ишмердүүлүгү коопсуздук менен конституциялык түзүлүшкө коркунуч жаратат деген чечимге келди.

Ал эми аталган фонддордун өкүлдөрү Башкы көзөмөл органы таккан айып менен макул эместигин билдирүүдө. Алар Орусияда иш башталган 20 жыл ичинде мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана жарандардын укуктарын коргоого эбегейсиз салым кошулганын жарыялашты.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер орус бийлигинин аракетине өлкөнү дүйнөдөн оолактатуу кадамдарынын бири катары баа берди. Орусияда “Керексиз, жагымсыз уюмдар жөнүндөгү” мыйзам быйыл майда кабыл алынган. Көп өтпөй Мамлекеттик Думанын депутаттары "Сорос" фонду негиздеген “Ачык коом” институтун мындай бирикмелердин катарына кошуу талабын Башкы прокуратурага жолдогон. Бул мыйзамга ылайык, кайсы гана чет элдик жана эл аралык уюм болбосун, “кооптуулардын” тизмесине илинип калышы ыктымалдыгы айтылууда. Документти Батыш катуу сындап келет. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG