Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Жалал-Абад: жер титирөөдөн 20га жакын үй жабыркады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 1-декaбрдагы жер титирөөдөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Абдырахманов, “Кара-Булак” атындагы орто мектептеринин жана Кара-Булак айылындагы 10 үйдүн, Катранкы айылындагы 8 үйдүн ичинен майда жаракалар пайда болгон. Мындан сырткары Базар-Коргон районунда “Наристе” балдар бакчасынан, жергиликтүү оорукананын дубалдарынан жаракка кеткен. Кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. Тактоо иштери жүрүп жатат.

1-декабрдагы зилзаланын күчү Базар-Коргон районунун аймагында 5-6 балл, ал эми Көк-Жаңгак, Кара-Көлдө 4, Жалал-Абад шаарында 3,5, Ошто 2-3 балл болгон.

Бул Кыргызстандын түштүгүндө акыркы жарым айга жетпеген мезгил ичиндеги алтынчы жер силкинүүсү. Буга чейинки жер титирөө 17, 18, 20, 21, 24-ноябрь күндөрү катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG