Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:46

Баткенде мыйзамсыз ташылып келаткан тоок эти кармалды

Бажы кызматынан кабарлашкандай, Баткенде Төрт-Күл айылы аркылуу Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келаткан 3 тонна тоок эти кармалды. Мындан сырткары бажы кызматынын өкүлдөрү Карабак айылы аркылуу 8 миң 600 килограммга чукул мандарин мыйзамсыз ташылып келатканын аныкташкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG