Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Пакистанда мектепке кыргын салды делгендер өлүм жазасына тартылды


Жанкечтилердин колунан мерт болгон окуучулар.
Жанкечтилердин колунан мерт болгон окуучулар.

Пакистанда былтыр мектепке кыргын салып, 151 адамды өлтүрүүгө катышы бар деп шектелген 4 адам өлүм жазасына тартылды.

2014-жылдын 16-декабрында Пешаварда талиптер мектепке куралдуу кол салуу жасагандан кийин кармалган 4 кишини бүгүн эртең менен дарга асышты.

Алардын сот өкүмү 13-августта чыккан. Буга чейин талиптер менен экстремисттик уюмдардын аракеттери күчөп кеткенден улам Пакистан бийлиги өлүм жазасын тыйган мыйзамга мораторий киргизген эле. Сот өкүмү Кохат калаасында ишке ашканы маалым болду. Мектептеги кыргында мерт болгондордун жакындары мындай чечимге ыраазычылыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG