Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 23:34

Нарындык окуучулар Германиядагы фестивалда биринчи орунду алышты


Германиянын Кёльн шаарында өткөн эл аралык "Түрк тили жана маданияты" фестивалында Нарын шаарындагы кыргыз-түрк лицейинен барган окуучулар биринчи орунду алышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" лицейдин директору Шевкет Тутар билдирди. Фестиваль дүйнөдөгү түрк тилин окуткан өлкөлөрдүн арасында болуп, ага 100дөн ашуун мамлекеттен өкүлдөр катышкан. Фестивалдын уюштуруучулары биринчи орунду алган Нарындык 12 окуучуга 500 доллардан сыйлык тапшырды. Аталган лицейдин окуучулары акыркы убакта бир катар эл аралык фестивалдарга катышып ийгиликтерди жаратып келишет. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG