АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлерин жок кылуу максатында жибериле турган атайын аскер бөлүгү аткара турган иштер Ирактын бийлиги менен өз ара макулдашыларын ачыктады.
Брюсселде өтүп жаткан НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин саммитинде сөз сүйлөгөн Керри:
- Иракка сый-урмат менен мамиле кылабыз. Анын бийлиги айткан талаптарды карап чыгып, чогуу чечим кабыл алабыз. Ирактагы өнөктөштөрүбүз менен кайсы аскер бөлүгү кайда жайгашарын, кандай иштерди аткарарын чогуу чечебиз, - деди.
Кечээ АКШнын коргоо министри Эштон Картер Вашингтон Иракка “ИМ” тобу менен күрөшүү үчүн атайын аскерий топ жиберерин билдирген.
Ирактын премьер министри Хайдар аль-Абади мындай чечимди карап чыгуу керектигин, Ирак кошумча чет элдик аскерге өтө деле муктаж эмес экенин айткан.