Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Лавров Чавушоглу менен жолугушуудан качпайт


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров түркиялык кесиптеши менен Белградда ушул аптада жолугушууга даяр экенин ачыктады.

Ал бул кабарды бүгүн Кипрдин тышкы иштер министри Иоаннис Касулидесу менен Никосияда болгон жолугушууда билдирди.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алкагында 3-4-декабрь күндөрү Сербиянын баш калаасы Белградда жыйын өткөнү турат.

Лавров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу аны менен жолугушууну “абдан сурангандыктан”, Чавушоглунун айта турган кебин угууга даяр экенин айтты.

Орусия менен Түркиянын ымаласы 24-ноябрда орус согуштук учагы Түркия аба мейкиндигин бузду деп атып түшүрүлгөндөн кийин кескин начарлаган.

XS
SM
MD
LG