Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Украина ички дүң өнүмдүн беш пайызын коргонууга жумшайт


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украинанын президенти Петр Порошенко келерки жылы ички дүң өнүмдүн беш проценти коргонуу жана коопсуздукка жумшаларын айтып, чыгыштагы жикчилдерге каршы күрөшүү үчүн армияны чыңдоо керектигин билдирди.

Ал эми 2016-жылдагы план боюнча мамлекеттик бюджеттин 14 проценти, башкача айтканда 100 миллиард гривень коргонуу жана коопсуздукка сарпталат.

Быйыл Украинанын бул багыттагы чыгымы 3.75 миллиард доллар болгон.

Бүгүн Брюсселде өтүп жаткан НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында уюмдун башкатчысы Йенс Столтенберг Украинанын чыгышындагы абал бардыгын түйшөлтүп жатканын белгилеп:

- Орусиялык жикчилдер азырынча аскерлерин да, согуштук техникасын да чыгарыша элек. Украинанын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн аракеттери тыйылбай келет. Бул өлкө чек арасындагы көзөмөлдү колуна алалбай жатат, - деди.

2014-жылдын жайында башталган Украинанын чыгышындагы кагылышуулардан 7900 киши мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG