Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Калифорниядагы атышуудан ондон ашуун киши мерт болду


Калифорниядагы атышуудан ондогон адамдар жабыркады.
Калифорниядагы атышуудан ондогон адамдар жабыркады.

AКШнын Калифорния штатынын түштүгүндөгү социалдык кызмат көрсөткөн борбордо атылган октон кеминде 14 киши мерт болуп, дагы ондогон киши жабыркады. Кабарларда айтылгандай, үчтөй куралчан адам Лос-Анжелестин чыгышындагы Сан-Бернардино шаарындагы Инленд аймактык борборуна кирип келип, элге каршы ок чыгарышкан.

Ок чыгаргандар катуу куралданып, ок өтпөс кийим кийишкени кабарланууда.

Айрым агенттиктер куралчандар автомашинага түшүп кетишкенин, учурда аларды издөө жүрүп жатканын жазышты. Имаратка куралчандар кирген маалда майыптарды караган жүздөгөн кызматкерлер, бейтаптар болгон. Жарадарларга жардам көрсөтүү кызматы иштеп жатат. Имараттан качып чыккандар коопсуз жайларга автобус менен ташылууда.

214 миң киши жашаган Сан-Бернардино Лос-Анжелестен 100 чакырым чыгышта жайгашкан. Президент Барак Обамага окуя тууралуу кабар берилгенин Ак Үй билдирди.

XS
SM
MD
LG