Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

Зомбулукка кабылган аялдар менен балдардын саны өсүүдө


Бул тууралуу эл өкүлү Айнуру Алтыбаева 2-декабрда аял депутаттардын форумунда билдирди. Жыйында террорчул, радикал уюмдарга аялдардын тартууга каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Ички иштер министрликтеринин маалыматтары угулду.

Депутат айымдар бир катар социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде эне-баланын өлүмүнө жана экологиялык маселелерге көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл тогуз айда өлкө боюнча 2275 ымыркай чарчап калган. Бул өткөн жылга салыштырганда 9% аз. Былтыр бир жылда 66 эне төрөт маалында жана андан кийин каза болсо, быйыл тогуз айда 48 зайып жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңеште 24 аял депутат бар.(КЕ)

XS
SM
MD
LG