Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:22

Өкмөттөр аралык комиссия жыйынында төө буурчак маселеси көтөрүлдү


Талас облусу
Талас облусу

Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында төө буурчакты Орусиянын аймагы аркылуу транзиттик жол менен өткөрүү маселеси козголду.

Буга чейин айрым ишкерлер орус-түрк мамилеси курчугандан кийин алардын Түркияга ташыган айыл чарба продуктулары Казакстан-Орусия чек арасында 10 күнгө жакын убактан бери кармалып турганын билдиришкен. Алардын бири Уран Ниязалиев буларга токтолду:

- Кыргызстандан Түркияга айыл чарба продуктулары жүктөлгөн машиналар 7-8 күн Казакстандан Орусияга кире бериште кармалып турду. Ал эми Орусияга өтүп кеткен машиналарды Владикавказда Грузияга өткөрбөй коюшту. Эки күн мурда машиналар өтүп баштады, бирок Түркиядан Кыргызстанга жөнөгөн машиналарды койо бербей жатат деп айтып жатышат.

Премьер-министр Темир Сариев бул боюнча кыргыз-орус тарап бири-бирин түшүнүшкөнүн билдирди. Өкмөт башчы комиссия жыйынында негизги көңүл гидроэнергетикалык маселелерге бурулганын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG