Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

4-декабрдын аба ырайы


Kyrgyzstan -- weather, autumn Bishkek, 01 December 2015
Kyrgyzstan -- weather, autumn Bishkek, 01 December 2015

Куздүн акыркы жылуу күндөрүнөн кийин 2015-жылдын 5-декабрынан 7-декабрга чейин аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. 5-декабрда күндүз жаан жаап, 6-7-декабрда жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болушу ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардагы автожолдор тоңголок, тайгак болот. 5-декабрда айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

4-декабрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17,

Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 11…16,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6.

4-декабрда Бишкекте ала-булут каптап турат, жаан жаабайт. Түштүк-батыштан сокон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6 градус, күндүзү 15…17 градус жылыйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG