Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Газ ташып келүүдөгү эсептешүүлөрдү доллардан рублге өткөрүү сунушталды


Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлагандай, Кыргызстанга жаратылыш газын жана күйүүчү-майлоочу майга байланышкан эсептешүүлөрдөгү доллардык келишимдерди рублдик негизге өткөрүү сунушу айтылды. Мындай сунушту бүгүн Бишкектин “Ала-Арча” резиденциясында өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кыргыз тарап берди.

Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, тараптар бул багытта бир пикирге келишти. Ошондой эле тиешелүү тараптарга эсептешүүнү рублга өткөрүү механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Кыргызстанда ушуга чейин бардык эсептешүүлөр доллар менен жүрүп келген.

Улуттук банктын маалыматына караганда, Кыргызстанда доллардын курсу жыл башынан бери 28,9 пайызга кымбаттады. Жыл башында доллардын курсу расмий 58,89 сом болсо, учурда 75,88 тыйынга чыкты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG