Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Эрдоган: Орусиянын ИМ менен мунай соодасына далил бар


Режеп Тайып Эрдоган, Анкара, 3-декабрь, 2015.
Режеп Тайып Эрдоган, Анкара, 3-декабрь, 2015.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия Сириядагы "Ислам мамлекети" тобу менен мыйзамсыз мунай соодасын жүргүзгөнүнө далил бардыгын айтып чыкты. "Бизде далил бар жана аны дүйнө жүзүнө ачабыз", - деди ал бейшембиде Анкарада жасаган телекайрылуусунда. Эрдоган муну менен Орусиянын "Эрдоган жана анын үй-бүлөсү Сириядагы согушкерлерден мунай сатып алат" деген айыптоосуна жооп кайтарды.

"Орусия Түркия "Ислам мамлекети" тобунан мунай сатып алганын далилдеши керек, болбосо ал ушак болуп калат. Бирок бул ишке менин үй-бүлөмдү аралаштырганы абийирсиздик", - деди Эрдоган. Ал эгер Москва муну далилдесе кызматтан кетерин дагы бир жолу кайталады.

"Ислам мамлекети" тобунан ким мунай сатып алат? Ал орус паспорту бар Сириянын жараны Жорж Хасвани, бул бизнестеги ири соодагер", - деди түрк президенти. Эрдоган бул соодага орусиялык белгилүү шахматчы да аралашканын айтып, бирок аты-жөнүн атабады. Ноябрда АКШ финансы министрлиги Хасваниге карата санкция жарыялаган. Ал мунай соодасында Сирия режими менен "Ислам мамлекети" тобунун ортосундагы ортомчулугу үчүн Евробримдиктин да санкциялык тизмесине кирген.

Кечээ Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу түрк президенти Эрдоган жана анын үй-бүлөсү “Ислам мамлекети” тобу менен мунай соодасына аралашканын, аталган топ көзөмөлдөгөн аймактан Түркияга мунай кирип жаткан үч жолду билерин жар салган.

24-ноябрда түрк аба күчтөрү Орусиянын Су-24 аскерий учагын атып түшүргөндөн бери Москва -Анкара алакасы кескин начарлап кетти.

XS
SM
MD
LG