Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

ФИФАнын коррупцияга шектелген дагы эки аткаминери кармалды


Бүгүн Цюрихте миллиондогон пара алган деген шек менен ФИФАнын дагы эки аткаминери кармалды. Алардын аты-жөнү жана кызматтары азырынча айтыла элек. Цюрихтин ушул эле мейманканасында өткөн 27-майда эл аралык футбол федерациясынын бир нече жетекчилери камакка алынган.

Шаршембиде ФИФАнын аткаруучу комитети февралга белгиленген конгресске даярдык көрүү маселесин талкуулоо үчүн 2 күндүк жыйынга чогулган. Конгрессте уюмдун жаңы жетекчиси шайланмакчы.

Уюмдун төрагасы Зепп Блаттер кызматынан убактылуу четтетилген. 23-ноябрда ФИФАнын этика боюнча арбитраждык палатасы ага жана УЕФАнын жетекчиси Мишель Платиниге каршы иш ачкан. Блаттер 2011-жылы федерацияны чыгаша тарттырган келишимдерге кол койгон жана Платиниге 2 миллион швецар франкына барабар акча төлөгөн деп айыпталууда.

ФИФАнын баш кеңсеси жайгашкан Швейцариянын бийлиги жана АКШ уюмдун азыркы жана мурдагы бир катар чиновниктерине каршы козгологон иштерди териштирүүдө. Алар акча өндүрүү, арам акчаны адалдоо, көз беомочулук боюна айыпталууда.

XS
SM
MD
LG