Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Кадыров чеченди өлтүргөн ИМ согушкерлеринен өч алынарын айтты


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Кремль колдогон Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров "Ислам мамлекети" тобу жарыялаган видео тасмада башы алынганы көрсөтүлгөн чечендин өлүмү үчүн жоопкер согушкерлерден өч алынарын билдирди. Чеченстандын президенти 3-декабрда журналисттерге видео тасмадагы киши Магомед Хасиев аттуу чечен экенин айтты.

2-декабрда интернетке коюлган видеодо Сирияда "Орусия тыңчысы" деген айып менен кармалган кишинин башы алынганы көрсөтүлгөн. Ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан Сирияга жөнөтүлгөнү, мурда Чеченстанда жашаган Магомед Хасиев аттуу бул кишинин милдети Орусияга кайтып келип, теракт жасоону көздөгөн террорчуларды аныктоо экени айтылган.

Бул Орусия Сирияда аба соккуларын баштаган 30-сентябрдан бери "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери "орус тыңчысы" деген себеп менен киши өлтүргөн алгачкы учур. Аталган топ быйыл январда да бир бала Орусия коопсуздук кызматына иштеген деп айыпталган эки кишини атканы тартылган видео тасма чыгарган. Бирок бул боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, же Федералдык коопсуздук кызматы эч кандай комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG