Экс-президент Роза Отунбаева байкоочу кеңештердин мүчөлөрүн кесипкөйлүгүн көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте бийлик менен коомдук байкоочу кеңештердин кызматташтыгы боюнча жыйында айтты. Ошондой эле мамлекеттик мекеме, министрликтерди аларды жээрибей, түрткүнчүк кылбай эриш-аркак иштеши керектигин белгиледи. Отунбаева бул демократиялык жаңы институт мындан 5 жыл мурун түзүлгөндө дилгирлик, кызыгуу чоң болгонун, бирок ал азыр басаңдап калганын, ошондуктан азыр жаңы дем берилиши керектигин кошумчалады.
Байкоочу кеңештердин жылдык жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынада өтүп жатат. Жыйынга өкмөт башчы Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышууда. Мамлекеттик органдарда коомдук кеңештер мурунку президент Роза Отунбаеванын тушунда түзүлгөн. (КЕ/ЕВМ)