Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Беш акын долбоору казактарга өттү


ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук 1-канал биргеликте ишке ашырып жаткан "Беш акын" теледолбоору акырына келип жетти. Бул тууралу "Азаттыкка" Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди. Адабий-музыкалуу кеченин бешинчи айланпасына 80 - 90- жылдар аралыгында туулган жаш акындар Кыял Тажиева, Жылдызбек Турсунбаев, Бердибек Жамгырчиев, Сайра Батыркулова, Алтынбек Исмаилов катышып, жыйынтыгында калыстар тобунун жыйынтыгы менен Алтынбек Исмаилов алдыга озуп чыкты.

Долбоордун 1-айлампасына 40 - 50-жылдар ортосундагы акындар арасынан Анатай Өмүрканов, 50 - 60-жылкылардан Карбалас Бакиров, 60 - 70-жылкы муундан Атантай Акбаров, 70 - 80-жылдагы муундан Зайырбек Ажыматов жеңишке жетишкен эле.

Таймашта бир муундагы беш жазма акын калыстар тобуна экиден өз ырларын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор ырдалып, өздөрүнүн ыр жазгандан башка өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Кыргызстанда башталган "Беш акын" долбоору бешинчи айлампа менен жыйынтыкталып, жеңүүчү беш акынга ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белгиси жана 500 доллар акчалай сыйлыгы тапшырылды. Кийинки кезек Казакстан жазуучулар бирлигинен келген өкүлгө өткөрүлүп берилди. Аталган долбоор бүтүндөй түрк дүйнөсүндө уланмакчы. (ZA)

XS
SM
MD
LG