Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Сапаров: Визасыз режимди жокко чыгаруу - артка кайтуу


Чет өлкөдөн келген турист
Чет өлкөдөн келген турист

Кыргызстандагы туристтик операторлор ассоциациясынын президенти Нурбек Сапаров визасыз режимди жокко чыгаруу боюнча парламент комитети көтөргөн демилгегеге байланышуту “Азаттыкка” пикирин билдирди. Ал өкмөт мындай чечим кабыл алса артка кайтуу болуп каларын, өлкөгө келген туристтердин саны кескин кыскарарын белгилөөдө. Ошондой эле коопсуздук маселесине визасыз режимдин тиешеси дээрлик аз экенин кошумчалап, муну кооптуу делген өлкөлөргө гана пайдаланууну сунуштоодо.

- Биз бул мыйзамды кабыл алган соң кошуна өлкөлөр, ошол эле Казакстан визасыз режимди сунуштап жатат. Туристтер биринчи кезекте визаны карайт. Эгер бюрократия, толтурчу кагаздар көп болсо башка өлкөнү тандап кетишет. 45 өлкөнүн ичинде Жапония, Ватикан, Швейцария бар. Ушуларды караш керек эле.

Визасыз режимден баш тартып, буга байланыштуу мыйзам долбоорду өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети көтөрүүдө. Парламент комитети дүйнөдөгү абал жана терроризм маселесинин күчөп жатканын негиз келтирген. Комитет бул сунушту өкмөткө жөнөткөн. Учурда Туризм департаменти буга байланыштуу өлкөдөгү туристтик операторлор ассоциасынын пикирлерин угууда. Бул тууралуу департаменттин жетекчисинин орун басары Михаил Ким “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстан туристтерди тартуу максатында дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандары үчүн визасыз режимди 2011-жылы беш жылдык мөөнөт менен киргизген. Маалыматка караганда, визасыз режим киргенден бери Кыргызстанга келген туристтердин саны 30% өскөн.(КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG