Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Венада ОПЕКтин жыйыны өтүп жатат


Кара май өндүрүүчүлөрдүн картелине кирген он эки өлкөнүн бул жолку жыйыны мунайдын бир баррелинин баасы 40 доллардан бир аз гана ашуун болуп турган учурда өтүүдө.

Мурда ОПЕК бааны көтөрүү үчүн өндүрүш көлөмүн кыскартуу чарасына барчу. Бирок бул ирет андай ыкма натыйжа берчүдөй эмес.

ОПЕКтеги негизги оюнчу - Сауд Арабиянын өндүрүш көлөмүн кыскартуу сунушун Иран, Ирак жана Орусия четке каккан.

Саудия эгер ОПЕКке мүчө эмес Орусия жана башка өлкөлөр көнсө, ал өз тарабынан мунай өндүрүштүн көлөмүн күнүнө 1 миллион баррелге кыскартууга даярдыгын билдирген.

Бирок Ирандын мунай министри Бижан Зангане Венадан кабарчылар менен маегинде анын өлкөсү тескерисинче эл аралык санкциялар алынса, жаңы жылдан кийин өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, күнүнө 3, 8 миллион баррелге чыгарууну көздөп жатканын белгиледи.

Ал эми Иракта да өндүрүштү кыскартуу планы жоктугун бул өлкөнүн мунай министри Абдел Абдел Махди айтты.

Орусиянын энергетика министри Александр Новактын билдиргенине караганда, алар үчүн да бир күнкү өндүрүштүн көлөмүн азыркы 10,7 миллион баррелден төмөн түшүрүү зарыл эмес.

Орусия быйыл кара май казуунун көлөмү жагынан постсоветтик доордогу рекорддук көрсөткүчкө чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG