Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Калифорнияда ок ачкан аял ИМ тобун колдогон


Полиция ок ачкандарды издеп жаткан учур. Сан Бернадино, 2-декабрь, 2015-жыл.
Полиция ок ачкандарды издеп жаткан учур. Сан Бернадино, 2-декабрь, 2015-жыл.

Бул тууралуу америкалык расмий өкүлдөр билдирүүдө. Алар СНН телеканалына курган маегинде айтышкандай, Калифорнияда 14 адамдын өмүрүн алгандардын бири Ташфин Малик интернетте “Ислам мамлекети” тобунун лидерин колдогон билдирүүсүн жайгаштырган.

Ташфин Малик жана анын күйөөсү Саид Фарук 2-декабрда Калифорниядагы Сан Бернадино шаарчасында 14 адамды өлтүрүп, 21 кишини жарадар кылышкан эле. Теги боюнча пакистандык жана сауд аравиялык жубайлар өздөрү полиция менен атышууда өлтүрүлгөн.

Америкалык расмий өкүлдөр Калифорниядагы кол салууга “Ислам мамлекети” тобу шыкак бериши мүмкүн дешкени менен, ал аталган уюм тарабынан башкарылганынын далили азырынча жоктугун айтышууда.

Сан Бернадино шаарчасындагы кол салуу АКШнын 2012-жылдан берки эң кандуу окуясы болуп калды. (UE)

XS
SM
MD
LG