Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Нигериядагы теракт кеминде үч кишинин өмүрүн алды


Нигериянын Борно штатында жанкечтилердин чабуулдарынан кеминде үч адам өлүп, алты киши жараат алганын РБК каналы кабарлады. Элдик кошуун өкүлдөрү кол салууну “Боко Харам” террордук уюму уюштурганын айтууда. Маалыматка караганда, жума күнү Сабон Гари районундагы өткөрүү пунктунда жанкечти өзүн жардырган учурда элдик кошуундун эки мүчөсү набыт болгон. Андан мурдараак Кимба кыштагында жанкечти аял өзүн жардырып, бирок эч ким зыян көргөн эмес. Бирок анын артынан эле мотоциклде келген жанкечтинин чабуулунан бир адам өлгөн.

Соңку аптада Нигерияда болгон катар жардыруулардан улам курман болгондор саны 60ка чукулдады. (SE)

XS
SM
MD
LG