АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сүйлөшүүлөр декабрь айында болоорун Вашингтондогу америка-израиль форумунда билдирди.
Анын айтымында, сириялык оппозиция сүйлөшүүгө катыша турган делегаттарды тандады жана алар сүйлөшүүнү Орусия жана Иран менен чогуу жүргүзүүгө даяр.
Сүйлөшүүнүн максаты - алты айдын ичинде ишенимдүү жалпы өкмөт түзүү болуп саналат.
“Бул процесстин ичине жаңы Конституцияны жана 18 ай бою эл аралык байкоолордун алкагында шайлоонун механизмдерин иштеп чыгуу маселелери камтылат, - деди Джон Керри. (AzK)