Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Январдан тарта жөлөк пул алчуларды электрондук система аныктайт


Бул туурасында “Азаттыкка” Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Ал ушул тапта айрым аймактарда тийиштүү кызматкерлер жөлөк пулду өз жакындарына, тааныштарына чегерген учурлар бар экендигин айтып, мындан ары жардамга муктаждарды аныктоо атайы критерийлердин негизинде иштелип чыккан электрондук система менен жүрүгүзүлөрүн белгиледи.

Мындан тышкары министр жаңы жылдан тарта жөлөк пулга 100 сомдон кошуларын айтты.

Азыр Кыргызстанда 300 миңден ашуун үй бүлө жөлөк пул алат. Мамлекет тарабынан социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага кепилденген жардамдын суммасы 810 сомду түзөт. (AzK/MTo)

XS
SM
MD
LG