Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев апта соңунда болгон өкмөт жыйынында билдирди. Ал маалыматтык технологиялар өнүккөн мезгилде ар бир жаран мамлекеттен көрсөтүлчү тейлөөнү эч кандай кыйынчылыксыз алууга тийиштигин, ал үчүн негизги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр автоматташтырылып, тез жана сапаттуу бирдиктүү борбордон көрсөтүлүшү керектигин, бул борборлор калк үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү аймакта жайгашуусу зарылдыгын билдирди. Анда паспорт менен камсыздоо, жарандык абалды каттоо, транспорттук унаааларды каттоо, адрестик-сурап билүү бюросу сыяктуу негизги тейлөө түрлөрү камтылат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, жаңы үлгүдөгү калкты тейлөө борборлору 2015-жылдын декабрь айында Бишкек, Баткен, Каракол, Токмок жана Ош шаарларында, 2016-жылдын февраль айында Талас, Нарын жана Жалал-Абад шаарларында ачылат.
Өкмөттүн 2012-жылдагы буйругуна ылайык, “Инфоком” жана “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканаларынын ортосундагы түзүлгөн генералдык келишимдин негизинде калкты тейлөө борборлору түзүлүп, учурда өлкө аймагы боюнча 54 борбор иштеп жатат.
Темир Сариев алардын ишин сындап, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүлбөй жатканын белгиледи. (AzK)