Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

АКШда Beatles тобунун альбому 790 миң долларга сатылды


АКШда 5-декабрда өткөн аукциондо британиялык The Beatles тобунун сейрек альбомунун көчүрмөсү 790 миң долларга сатылды. Ал буга чейин топтун барабанчысы Ринго Старруга тийиштүү эле. Альбомду аукционго Калифорния штатына караштуу Беверли-Хиллз шаарындагы Julien’s Auctions аукцион үйү чыгарды. Сатып алуучунун ысымы аталган жок.

Бул Улуу Британияда 1968-жылы чыгарылган “Ак альбомдун” биринчи көчүрмөсү эле. Аукцион үйү бул окуяны жаңы рекорд деп эсептөөдө. Бул жылы “рок-н-роллдун падышасы” Элвис Преслинин биринчи альбому 300 миң долларга сатылып, рекорд койгон эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG