Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Кыргызстандык немистер Исанын туулган күнүн белгилешти


Бишкек шаарында 5-6-декабрь күндөрү немис коомчулугу Исанын туулган күнү - Кристмаска арналган майрам уюштурду. Германия элчилиги жана немистер коому биргелешип “Штайнброй” ресторанында өткөргөн иш-чарада майрамдык хор аткарылып, оюн-зоок уюштурулду. Андан сырткары улуттук ичимдиктер, тамак-аш арзан баада сатылып, келгендер үчүн ар кандай сынактар уюштурулду. Ресторандын ичи жана сыртына балатылар орнотулуп, Кристмас оюнчуктары илинди.

1980-жылдардын акырында Кыргызстанда немистердин саны 120 миңдей болсо, алардын көбү Алманияга көчүп кетишип, учурда республика боюнча сегиз миңден ашыгыраагы гана калган.

Орустарда Рождество, Батышта Кристмас (Christmas) деген ат менен белгилүү майрам 1100-жылдардан бери Европадагы негизги диний майрам болуп саналат.

Католик-христиандарынын ишениминде, 25-декабрда Вифлеем шаарында Ыйса жарык дүйнөгө келген. Православ-христиандары болсо анын туулган күнүн январдын башында майрамдашат. (SE)

XS
SM
MD
LG