Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Азербайжан мунай кениндеги кырсыкка байланыштуу аза күтүүдө


Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

Каспий деңизиндеги Азербайжандын “Гүншели” мунай кенинде болгон жарылуудан дайынсыз болуп жаткан дагы бир жумушчунун сөөгү табылды. Буга чейин бир кенчи өлүп, 30 жумушчу дайынсыз болуп жатканы айтылган. Жума күнү кечинде болгон кендеги жарылуудан 42 адам куткарылган. Азербайжандын куткаруу кызматтары жекшемби күнү да издөө иштерин улантты.

Президент Илхам Алиев 4-декабрдын кечинде Каспийдеги мамлекеттик SOCAR ишканасына таандык “Гүншели” мунай кенинде болгон кырсыкка байланыштуу жекшембини Азербайжанда аза күтүү күнү деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG