Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

НАТО ИМ тобу менен күрөшүү үчүн өзүнүн жөө аскерлерин жөнөтпөйт


Belgium -- NATO Secretary-General Jens Stoltenberg opens a NATO/Ukraine Foreign affairs ministers meeting at the NATO headquarters in Brussels, December 2, 2015
Belgium -- NATO Secretary-General Jens Stoltenberg opens a NATO/Ukraine Foreign affairs ministers meeting at the NATO headquarters in Brussels, December 2, 2015

НАТО Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен күрөшүү үчүн өзүнүн жөө аскерлерин жөнөтпөй турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди. Швейцариялык Tages-Anzeiger гезитине курган маегинде Столтенберг АКШ жетектеген коалициянын жана НАТО союздаштарынын күн тартибинде бул маселе жок экенин билдирди.

Столтенбергдин айтымында, “АКШда атайын бөлүктөрдүн саны чектелген жана бул шартта жергиликтүү куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү – жалгыз чара”. Ошондой эле НАТОнун жетекчиси Түндүк альянс Түркияга анын аба мейкиндигин бузган орусиялык учактын атып түшүрүлүүсүнөн кийин анын абадан коргонуусун бекемдөөгө жардам бере турганын айтты.

Жер ортолук деңизине жакын аймакта орусиялык аскер-аба күчтөрүнүн көбөйгөнүн белгилеген Столтенберг түрк-сирия чек арасындагы орусиялык Су-24 учагындай окуялардын алдын алуучу чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Буга чейин АКШнын президенти Барак Обама да “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүү стратегиясында Сирияга жөө аскер жөнөтүү планы жок экенин айткан. Бирок ага чейин Пентагон атайын даярдыктагы америкалык күчтөр аймакка жөнөтүлө турганын жарыялаган болчу. (KJ)

XS
SM
MD
LG