Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:07

Бишкекте тургундар менен курулуш компаниясы жер талашууда


Бишкекте "Саякат" мейманканасынын жанындагы жер талашка түштү. Бүгүн Токтоналиев (мурдагы Душанбе) жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кабат үйдүн тургундары ошол жерге жаңы там курууга ниеттенген "Бенконс" компаниясына каршы чыгып, нааразылык акциясын өткөрүштү.

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, 15 чакты адам жаңы үй алардын балдары ойногон аянтчанын жана чакан парктын ордун ээлеп каларын билдиришти. Алардын бири Руслан карыбек уулу:

- Балдарыбыз каякка ойнойт? Мэрия уруксатын берип коюптур...

Ал эми курулуш буйругун алган "Эвос" компаниясы ишти баштоого бардык уруксат кагаздары бар экенин айтууда. Бүгүн алар тосмолорду орнотуу үчүн жерди каза баштаган, бирок тургундардын нааразылыгынан улам иш токтотулду.

Тараптар ишемби, 12-декабрда жолугуп, ортодогу талаш маселени талкууламай болушту.

Тургундардын айтымында, кеп 50 сотка жердин айланасында болууда. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG