Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:08

Барак Обама Калифорниядагы кол салууну "террордук чабуул" деп атады


Калифорниядагы коопсуздук күчтөрү атышуу болгондон кийин текшерүү иштерин жүргүзүүдө. 2-декабрь, 2015-жыл

АКШ президенти Барак Обама 14 кишинин өмүрүн алып кеткен Калифорниядагы кол салуу “террордук чабуул” болгонун, аны ишке ашырган эки киши “радикалдашуунун караңгы жолуна” түшкөнүн айтты. Ак үйдөн жасаган телекайрылууда Обама акыркы жылдарда терроризм коркунучу жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн белгилеп, “Ислам мамлекети” радикал тобу талкаланат деп убада кылды. Дүйнө жүзүндөгү мусулман коомчулугуна кайрылган президент радикализмге, "Ислам мамлекети" тобунун идеологиясына азгырылбай, терроризмге каршы күрөшкө кошулууга үндөдү. Обама Батыш менен ислам дининин ортосунда эч кандай жаңжалдын жоктугуна басым жасады. Сирия менен Иракта жихадчылардын буталарына абадан сокку уруп келаткан Батыштын стратегиясы туруктуу жеңишке алып келет деген президент АКШ “жердеги чыгашалуу, узак мөөнөттүү согушка” тартылуудан оолак болуш керек деди. (AA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG